Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Тажикстанда жекшембидеги чабуулда өлгөндөрдүн саны 25 адамга жетти


Эки күн мурда Тажикстандын чыгышындагы Рашт өрөөнүндө козголоңчу топтор өкмөттүк аскерлердин колоннасына кол салып, 23 аскерди өлтүрүшкөн эле. Душанбеден билдиришкендей, оор жаракат алган дагы эки аскер бүгүн көз жумду. Тажик бийликтери муну “террор актысы” деп аташкан. Бүгүн өлкөнүн Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө журналисттерди “Окуяны так чагылдырууга, натуура маалымат бербөөгө” чакырды. Буга чейин айрым маалымат булактарында “Тажикстандагы чабуулда чынында 40 аскер өлгөнү, дагы 25 аскер дайынсыз жоголгону” айтылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG