Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Боом капчыгайында жол кеңейтилүүдө


Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, Боом капчыгайындагы жолду кеңейтүү иштери жүрүп атканына байланыштуу капчыгайдагы жол кыймылына чектөөлөр киргизилмекчи.

Боом капчыгайындагы унаа жол Бишкек – Нарын – Торугарт стратегиялык маанидеги жолдун бир бөлүгү. Андыктан министрликтен билдиришкендей, жол кыймылы токтотулбайт, бирок жардыруу иштери болгон маалдарда чектөөлөр киргизилет.

Бул жол Кытай тарап бөлгөн 200 миллион доллар насыянын эсебинен курулуп жатат. Жолду ошол эле Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы курууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG