Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

“Мен кыялданууну билем!” аттуу кайрымдуулук акциясы өтөт


23-сентябрда Чүй мектеп-интернатында багар-көрөрү жок балдарга арналган кайрымдуулук акциясы өтмөкчү.

Акция учурунда “Сенин тагдырың – сенин ойлоруңда!” аттуу социалдык жактан оор абалдагы жарандарга арналган жаңы китептин бет ачары болот. Аталган китептин авторлору жана акциянын уюштуруучулары Диля Айсаева менен Каныкей Октябрь.

“Сенин тагдырың – сенин ойлоруңда!” аттуу китеп жазуу демилгесин “Сорос-Кыргызстан” корунун “Жаштар демилгелери” программасы колдоого алган.

Акциянын уюштуруучусу Диля Айсаева “Азаттыкка” билдиргендей, мындай китепти жазуу максаты - кыйын абалдагы балдарга, багар-көрөрү жокторго дем берүү, өздөрүнө ишенүүлөрүнө жардам кылуу болуп саналат. Китепке адамдын өз тагдыры өзүнүн колунда экендиги тууралуу бир катар элдик уламыштар, аңгемелер кирген.

Андан тышкары акция уюштуруучулары мектеп-интернатындагы балдарга студенттер, жөнөкөй жарандар чогултуп берген түрдүү буюм-тайымдарды белек кылышат. Ошондой эле балдар үчүн концерт да уюштурулмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG