Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Президент Р.Отунбаева АКШ президенти менен жолугат


БУУнун Генералдык ассамблеясынын саммити өтүп аткан Нью-Йорк шаарында 24-сентябрь күнү Кыргызстандын президент Роза Отунбаева менен АКШнын президенти Барак Обама жолугушмакчы. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, эки президенттин жолугушуусу АКШнын Кыргызстанга болгон гуманитардык жардамдары жана дипломатиялык колдоосунун негизинде болмокчу.

АКШ президенти Б.Обама мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстандын президенти менен жолугушуу ниетин билдирген жана АКШ өкмөтү демократиялык өлкө курууга аракет кылып аткан оор абалдагы Кыргызстанды колдой берерин айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG