Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ош-Бишкек жолундагы окуяны териштирүү жылдырылды


Жолдун Сузак районуна караштуу пахта тазалоочу “Санпа” аттуу заводдун айланасындагы окуя боюнча сот иши 30-сентябрга которулду. Анын жылдырылышы соттун кароосуна 16-сентябрда келген дагы беш адамга тишелүү кылмыш иши менен судьянын таанышуу жагдайы себеп болду. 23-сентябрда башталган алгачкы сотто жабырлануучулар менен күбөлөр катышпай, 14 соттолуучу толугу менен камсыз болбогондугуна байланыштуу ишти кароо 22-сентябрда улантылары белгиленген. Бул тууралуу райондук соттун судьясы Д. Назаров 21-сентябрда билдирди. Анын айтымында, жолдун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериште болгон массалык башаламандыктар жана киши өлтүрүүлөргө, барымтага алуу, маңзат окуялары боюнча айыпталган 19 соттолуучунун иши Ноокен райондук сотунун имаратында каралат. Кылмыш ишинде 13-июнда аталган аймакта 9 адам өлтүрүлгөнү айтылат. Ишти кароого 46 жабырлануучу менен 91 киши күбө өтөт. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Т. Сусунбаев окуяда 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, 2 киши дайынсыз жоголгонун, 9 унаа өрттөлгөнүн мурда билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG