Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Июнь окуяларында өлгөндөрдүн бешөөнүн ДНКсы аныкталды


Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов Москвага сапарынан кийин билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Басма сөз катчы Елена Баялинова “Азаттыкка” айтканына караганда, министр Москвадагы ДНК анализдер менен иштеген соттук медициналык экспертиза борборунан алгачкы беш анализдин жыйынтыгын алды жана аларды Кыргызстандын тергөө органдарына өткөрүп берди.
Расмий маалыматка караганда, июндагы улуттар аралык араздашуудан 393 адам көз жумган. Алардын ичинде 62 жасаттын өздүгү дале аныктала элек. Өздүгү аныкталбагандардын ДНК анализи ушул айда Москвада аныкталып бүтөөрү алдын ала кабарланган болчу. Баялинова азырынча алардын аты-жөнүн айта албай турганын жана анализдердин толук жыйынтыгы качан чыгарылаары да белгисиз экенин билдирди. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG