Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Ортомчулар Израилди конуш курулушуна киргизилген мораторийди улантууга чакырды


Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык ортомчулардын төртилик тобу: АКШ, Евробиримдик, Орусия, БУУнун өкүлдөрү Нью-Йорктогу кечээги жолугушуусунан кийин кабыл алган билдирүүдө он айга созулган мораторий тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн оң таасир бергени белгиленет. Израиль Йордан дарыясынын Батыш жээгиндеги конуштардын курулушу үчүн киргизген мораторийдин мөөнөтү 26-сентябрда аяктайт. Палестин тарап эгер мораторий жоюлса АКШнын ортомчулугу менен 2-сентябрда жанданган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кетерин эскерткен. Израилдин премьер- министри Биньяминь Нетаньяху чечим мораторий аяктоочу мөөнөткө барып, кабыл алынарын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG