Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Кыргыз президенти бүгүн Улуттар уюмунун саммитинде сөз сүйлөйт


Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШдан Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Султан Каназаров билдирди. Саммиттин соңунан Роза Отунбаева Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы саясий талкууларына да катышып, ал жерде 24-сентябрда сөз сүйлөмөкчү. Ал эми Нью-Йорк убактысы боюнча 23-сентябрга АКШ жана Кыргызстан президенттеринин жолугушуусу белгиленген. Бул эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын соңку сегиз жылдан берки алгачкы кездешүүсү болот. Акыркы ирет 2002-жылдын сентябрында ошол кездеги президенттер Жорж Буш менен Аскар Акаев кыргыз президентинин расмий сапары учурунда Вашингтондо, Ак үйдө кездешкен. Алдыдагы жолугушууга байланыштуу АКШнын Бишкектеги элчилиги кечээ тараткан маалыматта президент Б.Обама мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстандын президенти менен жолугушуу жана жарандарынын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоочу демократияны орнотууга умтулуп, оор мезгилди башынан өткөрүп жаткан кыргыз элин АКШ жактарын белгилөө ниетин билдиргени айтылат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG