Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Алтылык Иран боюнча санкцияларды талкуулайт


АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германиянын расмий өкүлдөрү бүгүн Нью-Йорктогу жыйынында Тегеранды өзөктүк программасынан баш тартууга мажбурлоо үчүн киргизилген соңку санкцияларды жана Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу боюнча сунушун талкуулайт. АКШ Мамлекеттик департаментинин билдиргенине караганда, Вашингтон азыр эле Иран менен “конструктивдүү карым-катнашка” даяр. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули белгилегендей, АКШ Иран эл аралык коомчулуктун анын өзөктүк программасынын табияты боюнча тынчызданууларына жооп берүү боюнча аракетин көргөзөт деп үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG