Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Орусияда Арктика форуму өтөт


Арктиканын айланасындагы өлкөлөрдүн “Арктика –диалогдун аймагы” деп аталган эл аралык форуму бүгүн башталууда. Муздун көлөмү мурдагыдан азайып бара жаткан бул аймактын жаңы мунай жана газ кендерин бериши мүмкүн бөлүктөрүнө карата ээлигин укуктук жактан бекемдөөгө АКШ, Канада, Дания, Норвегия умтулууда. Орусиянын табигый ресурстар боюнча министри Юрий Трутневдин айтымында, анын өлкөсүнүн Арктикадагы аймагында катылган мунай-газдын кору 100 миллион тоннага чейин жетүүсү мүмкүн. Өткөн аптада Орусия менен Норвегия Баренц деңизиндеги чек арасын аныктаган келишимге кол коюшту. Келишим деңизден мунай жана газ кендерин иштетүүгө жол ачат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG