Эки партиянын биргелишип иштешүү келишимине кол коюу максатында “Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Москва шаарына кечээ учуп кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын мүчөсү Эмил Алиев кабарлады. Анын айтымында, келишим тууралуу мурдарак Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Единая Россия” фракциясынын төрагасынын биринчи орун басары Владимир Пехтин Кыргызстанга келген учурда да макулдашылган. (КЕ)