Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Коомдук телеканалдын директору 10-октябрга чейин шайланат


Бул тууралуу Коомдук телерадио корпорациясынын (мурдагы УТРК) байкоочу кеңешинин мүчөсү Кадыркул Өмүркулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, директорлукка талапкерлер өз документтерин 30-сентябрга чейин тапшыра алышат. Сынак эки баскыч менен өтөт. Жетекчилик кызматка талапкерлердин телерадиону өнүктүрүү боюнча концепциясы каралып, мыкты делгени тандалып алынмакчы. Мында башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы да эске алынат.

Байкоочу кеңеш эртең жыйынга чогулуп, иштөөнүн тартиптери, багыттары дагы каралат. Маалыматка караганда, ушул убакытка чейин КТРКнын директорлугу үчүн сынакка төрт-беш киши документин тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG