Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Баткенде кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев кабарлады. Анын айтымында, эки тарап талаш жана ушул убакка чейин делимитация боло элек аймактар тууралуу сүйлөшөт. Мындан сырткары жолугушууда жетекчилер чек ара бекеттери туурасында да сөз кылышмакчы. Жолугушуу бүгүн Баткен облустук администрациясынын имаратында кечки саат бешке белгиленген.

Эки тараптын Чек ара кызматынын жетекчилери 21-сентябрда да жолугушуп, анда чектеш аймактардагы жаңжалдарды чечүү үчүн атайын топ түзүү, чек араны натыйжалуу коргоого алуу сүйлөшүлгөн. Аталган кызматтын маалымат борборунан кабарлашкандай, жолугушууда ар кандай коркунучтарды алдын алуу маселелери да талкууланган.

Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешип, облус аймагында бул өлкөнүн эки анклавы бар. Чек аралар ушул күнгө дейре такталбагандыктан эки ортодогу талаштуу маселелер жергиликтүү калкты чыр-чатактуу жагдайга алып келген учурлар аз эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG