Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кремлге Кыргызстандагы кайсы партия жакын?


Айрым байкоочулар Кыргызстандагы көпчүлүк партиялар Москвадан колдоо алууга умтулуп жатканын айтышууда.
Айрым байкоочулар Кыргызстандагы көпчүлүк партиялар Москвадан колдоо алууга умтулуп жатканын айтышууда.

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү башталганына эки жумага чендеп калды. Ат чабышка түшкөн саясий партиялар бири-биринин күчүн аңдап, кимдин эмнеге жөндөмдүү экенин, кимдин артында кайсы күчтөр турганын байкап калышты.

Үгүт өнөктүгүн “даңазасы таш жарган” миңдеген тарапкерлери катышкан иш чара менен өткөрүүнү “Ата Мекен” партиясы баштап берди. Анда кийин тарапкерлерин стадиондорго топтоо боюнча мелдешти “Республика”, “Ата Журт”партиялары улантты. Масштабдуу киши топтоо болбосо да активдүү үгүт өнөктүгүн КСДП, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Замандаш”, “Ар намыс”, “Акыйкат”, БЭК партиялары жүргүзүүдө.

Өр алган өнөктүк

Өнөктүктүн жаңы этабында саясий партиялар бири-биринин программаларын, билдирүүлөрүн сынга ала башташты. Ошону менен шайлоо жараяны бара-бара кызуу бөлүгүнө өтө баштаганы байкалууда. Бийликке жакын партиялар шайлоонун жыйынтыгы толкундоолор менен коштолоорун алдын-ала сезгендей элдик кошуундарды күчкө келтирүүгө киришти.

Бул жылдагы өнөктүктүн дагы бир өзгөчөлүгү - дээрлик көпчүлүк партиялардын Москвадан колдоо алууга умтулушунда болууда.
КСДП, "Ак шумкар", "Республика", “Ар намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары орус жетекчилиги жана алардын өкүлдөрү менен жолугушууларын көзүр катары көрсөтүүдө.
КСДП лидери А. Атамбаевдин орус премьер-министри В. Путин менен жолугушуусу, Москва, 2-сентбрь, 2010.

Бул жагынан алганда “Ар намыс” партиясы акыркы кезде ийгиликтерге жетишүүдө. Айтсак, партия лидери Феликс Кулов 21-сентябрда Москвага жөнөп кетти. Москвада “Ар намыс” партиясы менен “Единая Россия” партиясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол койушуу белгиленген. 19-сентябрдагы “Ар намыстын” курултайына Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын, “Единая Россия” фракциясынын жетекчисинин орун басары Владимир Пехтин жана Казакстандын “Нур отан” партиясынын саясий кеңешинин катчысы Ерлан Карин катышкан эле.

Москвага кылчактоо

Өлкөдөгү ири партиялардын бири деп эсептелген “Ата Мекен” партиясынын лидери кезинде орус өкмөт башчысы менен байланышууга аракет жасаган. Бирок Кремль төбөлдөрү менен жолугушуулар тууралуу маалымат болгон жок. Демек, батыш социализмин тандап алып, мына ошого жараша Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасын орното турган Конституциянын долбоорун жазган Өмүрбек Текебаевди Кремлде кабыл алуучулар жок окшойт. Анын үстүнө солчул багыттагы “Ата Мекен” Россиянын “Справедливая Россия” партиясы менен байланышта болуп келет.

Өзүн орусиячыл көрсөтүүгө аракет кылып келген “Ата Журт” партиясы 22-сентябрда орус элчилигинен кагуу жеп калды. Элчилик, партиянын лидерлеринин бири болгон Камчыбек Ташиевдин “Фергана.ру” интернет агенттигине берген маегиндеги пикирлерине камтама экенин айтып, айрым лидерлердин билдирүүлөрүндө улутчулдук күчөөдө деп белгилеген.

Москва менен байланышы бекем экенин КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев да көрсөтүүгө аракеттенип келет. Бирок Кремль партиясынын “Ар намыс” менен байланышты күчөтүүсүнө караганда, Атамбаевге ишеним күчтүү эместей. Анын себеби Атамбаевдин партиясынын солчул болушу, анын өзүнүн Түркия менен байланышы бардыгында болушу ыктымал.
10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 29 партия ат салышууда.

Саясат таануучу Элмира Ногойбаева кыргыз партияларынын ичинен Кремлге кайсы партия жакындыгы тууралуу суроого мындай жообун берди:

- Эң жакыны “Ар намыс”. Биринчиден Кулов Россия жана Беларус түзгөн бирикмелерге кошулууну айтып жүргөн. Андан сырткары, Куловдун бардык сөзү, аракети Россияга жакындоого байланышкан. Атамбаевге караганда Куловдун Кремлдеги бейформал деңгээлдеги байланыштары күчтүрөөк окшойт.

Элмира Ногойбаеванын пикиринде, кыргыз партиялары Россияны этегине көбүрөөк жармашып, улуттук кызыкчылыктарды унутуп калышууда.

Айта кетүүчү нерсе, Феликс Кулов Кыргызстанды Россиянын курамына кошуудан да кайра тартпашы ыктымал. Белгилүү болгондой, өткөн жылдары дал ушул Кулов Россия менен конфедерация түзүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Россия менен тыгыз байланышын бир катар партия лидерлери көрсөтүүгө аракет кылып келгенин, бирок Москва кыргыз калкы шайлаган бийлик менен иштешээрин белгилейт:

- Кыргызстан кимди тандабасын, ал кандай киши болбосун Россия ошону менен мамиле түзгөнгө кызыкдар. Анткени Москванын бул жакта кызыкчылыктары бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG