Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Дүйнөлүк саламаттыкка 40 миллиард доллар


БУУнун баш катчысы Бан Ки Мун бүгүн өкмөттөр, кайрымдуулар, жеке уюмдар Аялдар жана балдар саламаттыгы үчүн Дүйнөлүк стратегия планына ушул сумма бөлүүгө сөз беришкенин жарыялады. Бан Ки Мундун айтымында, бул стратегия 2015-жылга чейин 15 миллион кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Бүгүн БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде жакырчылыкты жоюу боюнча "Миң жылдыктын өнүгүү максаттары" деген жыйын соңуна чыгууда. Анда сөз алып сүйлөй тургандардын арасында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, АКШнын мамлекет башчысы Барак Обама жана Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жибао бар.

XS
SM
MD
LG