Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Кечээ Баткенде кыргыз-өзбек чек ара кызмат башчылары жолугушту


Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда, эки тарап Баткен облусунун кошуна өлкө менен чектешкен аймактарындагы өтмө бекеттерди жана көйгөйлүү делген аймактарды кыдырып, чек аралардагы коопсуздукту бекемдөө маселелерин да талкуулашты. Баткен облустук администрациясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин айтымында, бул жолугушуунун жыйынтыгынан кийин Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон соң чек ара бекеттеринде зарылдыкка жана шартка жараша өзгөрүү болушу мүмкүн.

Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен 375 чакырым аралыкта чектешип турат. Бирок анын 112 чакырымы ушул күнгө чейин тактала элек. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG