Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстандын докладын бекитти


Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиеванын Кыргызстандагы адам укуктары боюнча жасаган улуттук докладын бекитүү тууралуу чечимге келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 21-сентябрда БУУнун Женевадагы кеңсесинде Ж.Мамбеталиева июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон кайгылуу окуя тууралуу маалымат берип, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу жана кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт жүргүзгөн-иш чараларга токтолду.

БУУнун Улуттук докладын кароонун жүрүшүндө Азербайжан, Алжир, Египет, Иран, Казакстан, Кытай жана башка бир катар өлкөлөрдүн делегациялары расмий билдирүү жасашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG