Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Айрым саясий партиялардын лидерлери орус бийлиги менен жолугушту


Орус президентинин Кremlin.ru интернет сайтына чыккан маалыматка караганда, 22-сентябрда президент Дмитрий Медвевдев “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов менен жолугушту. Анда Дмитрий Медведев Кыргызстан Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экендигин белгилеп, коңшу мамлекеттин бейкуттугуна, өнүгүүсүнө кызыкдар экендигин билдирген. Ф.Кулов өз сөзүндө орусиянын “Единная Россия” партиясы менен партиялар аралык келишимге кол койгонун, Медведевдин парламенттик башкаруу системасына бушайман болуп, чочулоо билдиргенин колдорун айткан.

Ал эми ИТАР-ТАСС агенттиги 3-сентябрда СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин менен жолугушканын, орус өкмөт башчысы Кыргызстанга 10 миллион доллар көмөк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алышканын айтканын жазып чыкты.

Айрым маалымат каражаттары “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Орусиянын президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин менен август айынын башталышында жолугушканын кабарлады.

Орусиядагы белдүү саясатчылар, бийлик өкүлдөрү менен “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков да жолугушканы маалымдалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG