Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Тажикстанда “антитеррордук операция” учурунда беш адам өлтүрүлдү


Тажик ичкер иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Рашт районундагы антитеррордук операция учурунда мурдагы оппозициянын талаа командири Мирзохожа Ахмадовдун беш жактоочусу жок кылынды. Министрликтин маалыматында Ахмадовдун өзүнүн тагдыры белгисиз экендиги, анын үйү ракета менен атылганы да айтылат. Ахмадов мындан эки күн мурда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына өкмөттүк күчтөр жекшембиде Рашт өрөөнүндө жасалган кол салуудан 25 аскерин жоготкондон бери мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын согушкерлеринин үйлөрүн издеп жатканын билдирген.

Борбор Душанбеден 200 чакырымдай чыгышта жайгашкан Рашт районунун өзүндөгү булактар “Азаттыктын” тажик кызматына Мирзохожа Ахмадовдун үйүнө чабуул жасалгандан кийин мурдагы талаа командирлеринин дагы бири Шох Искандаров да согушкерлердин катарына кошулгандыгын маалымдашты.

Тажик ички иштер министрлиги согушкерлерди издөө операциясы уланып жатканын билдирүүдө. Рашт районунда 21- сентябрдан тарта жергиликтүү бийликтер кечки сегизден, эртең мененки алтыга чейин комменданттык саат киргизген. Тажик бийликтеринин эсебинде, жекшемби күнкү кол салууга Ооганстан, Пакистан, Чеченстандан чыккан исламчыл согушкерлер да катышуусу мүмкүн. Тажик коргоо министрлиги кол салуу үчүн жоопкерчиликти молдо Абдулло деген согушкердин тобуна жүктөдү.

XS
SM
MD
LG