Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

АКШ Орусиянын Иранга курал сатуудан баш тартуусун кубаттады


Президент Дмитрий Медведев кол койгон жардыкка ылайык, Орусиянын Иранга абадан коргонуу боюнча ракета, учак, тик учак, кеме жана өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталар менен байланышкан системаларды сатуусуна тыюу салынат. Мындай чечим Улуттар уюму Иранга талаштуу өзөктүк программасынан улам киргизген санкцияларга ылайык кабыл алынган. АКШ орус президентинин кадамын кубаттады. Ак үй тараткан билдирүүдө бул кадам АКШ менен Орусиянын “жалпы кызыкчылыктар жана глобалдык коопсуздук багытында тыгыз кызматташтыгын” көргөзүп жатканы айтылган.

Коопсуздук кеңешинин Иранга каршы санкцияларынын быйыл июнда жактырылган төртүнчү айлампасын Орусия колдогон болчу.

Орусиянын Иранга учактарга каршы колдонулуучу “С 300” үлгүсүндөгү ракеталарды сатуусун караган келишимге эки тарап мындан бир нече жыл мурда эле жетишкен. Бирок бул Ирандын аскерий кубатын арттырат деп тынчызданган АКШ менен Израилдин кысымынан улам ракеталар Тегеранга берилген эмес.

Бул аралыкта дүйнөнүн алты ири державасы Иранга анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну сунуш кылды. АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери бул маселени Нью-Йорктогу кечээги жолугушуусунда макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG