Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

АКШ жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүүдө жаңы ыкмага өтөт


Президент Барак Обама бул тууралуу Нью-Йоркто БУУнун Миң жылдыктын өнүгүү максаттары программасынын аткарылышына арналган саммитте сүйлөгөн учурунда жарыялады. Обама белгилегендей, АКШ мындан ары акчаны муктаж өлкөлөргө жөн эле берип койбостон, реформага, укуктук тартипке, мамлекеттик институттардын ачык-айкын иштөөсүнө, адам укуктарын коргоого умтулган өлкөлөргө көңүл бурууга аракеттенет:

- Өнүгүүнүн максаты – эң биринчи кезекте азыр керек болуп турган нерсе, тыштан жардам зарыл болбогондой шарт түзүү. Андыктан биз өз элине өз алдынча кам көрүүгө умтулган өнөктөштөрдү издейбиз. Биз туруктуу өнүгүүгө умтулабыз.

Барак Обама кошумчалагандай, согуштан тынчтыкка, авторитаризмден демократияга көчүп жаткан өлкөлөр АКШнын жардамын алуу үчүн идеалдуу талапкер боло алат. Америкалык президент ага катар табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө чукул жардам көргөзүү жагынан АКШ мурдагыдай эле дүйнөдөгү лидерлигин уланта берерин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG