Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Израиль БУУнун эксперттеринин тыянагын четке какты


БУУнун Адам укуктары кеңешинин комиссиясы чыгарган тыянакка караганда, Израилдин аскерлери быйыл май айында Эркиндик флотилиясы деген топко кирген кемелердин бирине чабуул жасоо учурунда эл аралык укукту бузушкан, күч “тең эмес” колдонулган. Израилдин Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө мындай тыянакты четке кагуу менен аны “обьективдүү эмес" деп атады. Билдирүүдө айтылгандай, Израиль ал окуя боюнча азыр өз иликтөөсүн жүргүзүүдө жана БУУнун баш катчысы Панг Ги Мун түзгөн комиссия менен да кызматташып жатат. Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан кемеге жасалган чабуул учурунда 9 адам каза тапкан болчу. Алардын сегизи Түркиянын, бирөө АКШнын түрк улутундагы жараны эле. Израль тарап аскерлер кемеге түшүрүлгөндөн кийин аларга кол салгандардан өзүлөрүн коргоо үчүн аракеттенгенин билдирген. Бул окуя Түркия менен Израилдин мамилеси бузулуусуна алып барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG