Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Орусия коргоо министри Кыргызстанга келбей калды


Орус коргоо министри Анатолий Сердюковдун 25-сентябрда Кыргызстанга күтүлүп жаткан иш сапары белгисиз мөөнөткө калтырылды. Бул тууралуу Орусия Куралдык күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов журналисттерге билдирип, себебин ачыктаган жок. Анын айтуусунда 21-сентябрдан бери жүрүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүү учурунда кыргыз-орус аскерий-техникалык кызматташтык келишиминин долбоору иштелип чыкты. Мындан сырткары ал Ошто ачылары айтылып жаткан Орусиянын аскердик машыгуу борбору тууралуу сөз болбогондугун, бул жана башка маселелер Орусиянын коргоо министри Кыргызстанга келгенде дагы козголорун белгиледи. Ал ошондой эле келечекте орус-кыргыз биргелешкен аскердик база ачылышы ыктымалдыгын да кошумчалады.
Мурдараак Орусиянын коргоо министри А. Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы В. Проничев 25-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келери кабарланган. Анда орус-кыргыз аскердик кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлары айтылган.
Кыргыз-орус аскердик кызматташуу келишимдерине келерки жылдын март айына чейин кол коюлат. Ага чейин документ бардык министрликтеринин макулдугун алууга тийиш деп билдирди КР коргоо министринин 1-орун басары Асылбек Ормокоев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG