Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

АКШ бейөкмөт уюмдары июнь окуясын адилет иликтөөнү талап кылышты


Бул тууралуу алар Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушкан учурда билдиришкен. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 22-сентябрда болгон жолугушуу аңгемелешүү түрүндө өтүп, кызуу суроо-жооптор менен коштолду. АКШ мамкатчысынын жардамчысы Майкл Познер Америка бийлиги Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө даярдыгын билдирди. Ал эми Корнеги фондунун өкүлү Марта Олкотт Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяларды эл аралык иликтөө маанилүүлүгүн белгилеп, анда бардык жабыркаган тараптардын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтты. Ал ошондой эле кыргызстандык күч кызматтары тарабынан да карапайым элге күч колдонуу болгонуна тынчсызданды.
Ал эми президент Роза Отунбаева июнь коогалаңын адилет иликтөөнү жакшыртуу максатында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп, кыргыз бийлиги демократиянын бийик идеаларын карманарын билдирди.
Роза Отунбаева АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун саммитине катышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG