Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

“Альфанын” тарапкерлери пикетке чыгышты


Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевдин жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкеринин бошотулуусун талап кылган иш-чара Жогорку соттун алдында өтүп жатат. Алардын колунда “Куралдуу күчтөр –элдин душманы эмес, коргоочусу”, “Альфа” –Кыргызстанды террорчулардан сактоочу чыныгы күч” деген жазуулар жазылган плакаттар бар.
Белгилүү болгондой бүгүн Жогорку сотто “Альфа” бөлүгүнүн командиринин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча иш каралмак. Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевге жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерине 7-апрелде куралсыз элге каршы ок аткан деген айып тагылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG