Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Жогорку Сот "Альфа" боюнча арызды четке какты


Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттын арызын Жогорку Сот четке какты. Адвокат Кайрат Загибаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча ал А. Жолдошалиевдин сотко чейинки баш коргоо чарасынын мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган, бул иш бир жумадан кийин каралышы ыктымал.

"Альфанын" командиринин тарапкерлери сот чечимине нааразылыгын билдирип, акыйкаттык талабы менен Башкы прокуратуранын имаратына жөө жүрүш жасашарын билдиришти. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG