Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Кытай Пакистанга жардамын көбөйтөт


Кытай табигый кырсыктан жапа чеккен Пакистанга кошумча 200 миллион доллар жардам берет. Бул тууралуу Кытай өкмөт башчысы Вен Жибао билдирди. Жакында АКШ Кытайга кайрылып, суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн Пакистанга көбүрөөк көмөк көрсөтүүгө үндөгөн эле. Бээжин буга чейин 47 миллион доллар сунуш кылган. БУУнун болжолунда, Пакистанга 2 миллиард доллар жардам керек. Өткөн аптада Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору Исламабадга 1,5 миллиард доллар насыя берүү чечимин жактырышкан. Пакистанда быйыл жайында болгон суу каптоодон 10 миллиондой киши жабыркаган.

XS
SM
MD
LG