Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Ат-Башынын айрым айылдарында шайлоону өткөрбөйбүз деп жатышат


Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында 23-сентябрда айылдыктар добуш берүү жайын жаап, шайлоону өткөрбөй турганын эскертишти. Анын себеби айылдыктар капыстан жааган калың кардын кесепетин жоюуга бийлик жеткиликтүү көңүл бөлбөй жатканына нааразы болуп жатышат. Бул жөнүндө “Азаттыкка” алар телефон аркылуу кабарлашты.

Ат-Башы районунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Темирбек Бакеловдун айтымында, Өзгөрүшкө райондун акими менен айылдык округдун башчысы барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал жакта 500-600гө чукул шайлоочу бар. Аталган айылда алгач кар 50 см жааган эле, 23-сентябрдан баштап кайрадан кар жаай баштады. Элеттиктер өкмөт өкүлдөрүн, шайлоого катышып жаткан партиянын лидерлерин айылдагы кыйын абал менен таанышып кетүүгө чакырышууда.

Буга чейин Нарын облусундагы Лахол шайлоо участогунда да шайлоону өткөрбөө боюнча маселе көтөрүлгөн. Электр кубаты өчүп, суук түшүп, мектептер жылытылбай жаткандыктан, Ат-Башы районунда мектептер 30-сентябрга чейин каникулга таратылгандыгы айтылууда.

“Чыгыш электр” ишканасынын Нарындагы филиалынын директору Алмаз Жумакадыровдун айтымында, бүгүн Ат-Башы айылына электр кубаты берилди, бүгүн-эртең калган айылдарда да электр жарыгы калыбына келмекчи. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG