Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Обама БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү


АКШ президенти Барак Обама Иран менен дипломатиялык сүйлөшүү үчүн эшик ачык, бирок Тегеран ядролук программасын талкуулоого даяр экенин көргөзүүгө тийиш деди. Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын ачылыш отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Обама ошондой эле дүйнө лидерлерин Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы аракеттерди колдоого, Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарды курууга киргизилген мораторийди узартууга үндөдү. Ассамблеяда глобалдуу финансылык кризистин кесепеттери, терроризмге каршы күрөшүү, ядролук куралды жайылтпоо өңдүү маселелер талкууланат. Бүгүнкү отурумда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад да сүйлөмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG