Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Францияда пенсиялык реформага каршы демонстрациялар өттү


Нааразылык акциялары кечээ өлкөнүн бир нече шаарында болду. Профсоюздардын эсебинде, 230тан ашуун шаардагы демонстрацияларга 2, 9 миллион, ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча бир миллиондой киши катышты. Андан улам коомдук транспорттун, мектептердин, почтанын иши үзгүлтүккө учурады. Пенсиялык реформага каршы нааразылык акциясы соңку апталарда ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат. Президент Николя Саркозинин реформа планы боюнча франциялыктар 2018-жылга барып азыркыдай 60 эмес, 62 жаштан пенсияга чыгуусу керек.

XS
SM
MD
LG