Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Пакистандык келин АКШда 86 жылга түрмөгө кесилди


Учурунда АКШдагы кадыр-барктуу Массачусетс технология институтунан окуган Аафия Сиддики Нью-Йорктун соту тарабынан Ооганстанда америкалык аскер кызматчыларын өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн айыптуу деп табылды. Пакистандык 38 жаштагы бул нейробиолог окумуштуу келинди сот 86 жылга кескенин эске алганда, ал иши жүзүндө өмүр бою эркинен ажыратылды. Айыпкердин адвокаттары өкүмдү аппеляцияга берерин билдиришти. Пакистан өкмөтү болсо Аафия Сиддикини мекенине өткөрүп алуу боюнча укуктук жана дипломатиялык аракеттер улантыларын айтууда. Анын соттолгондугу жөнүндөгү кабардан кийин Пакистандын Пеша вар жана Карачи шаарларында антиамерикалык демонстрациялар өттү.

Аафия Сиддикинин сот жообуна тартылышына негиз берген окуя 2008-жылдын июль айында Ооганстандын Газни шаарында орун алган. Полиция бекетиндеги сурак учурунда капыстан эле мылтыкты колго алып, ошол тегеректе жүргөн америкалык аскер кызматчыларды атууга аракеттенген. Ок ойду келди атылган, бирок эч кимге тийген эмес. Тергөөчүлөр ошондой эле Аафия Сиддики “ал-Каида” террордук уюмуна жан тартарын байкашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG