Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

АКШ жана Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү жандануусу мүмкүндүгүн ишара кылышты


Эки өлкө президенттери Барак Обама менен Махмуд Ахмадинежад бул маселеге кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөн учурда кайрылышты. Ал сөздөр БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран уран байытуудан баш тартканына байланыштуу санкциялардын жаңы айлампасын киргизгенден төрт айдан кийин айтылып олтурат. Барак Обама сөзүндө Иран менен дипломатияга эшик ачык бойдон калып жатканын, бирок Иран өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн дүйнөгө ырастоосу керектигин белгиледи:

-АКШ жана эл аралык коомчулук Иран менен пикир келишпестиктерин жөнгө салууну көздөйт жана эгер Иран бул жол менен кеткиси келсе, сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык. Бирок Ирандын өкмөтү дүйнөгө өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн ырастап, ачык жана ишенимдүү милдеттемелерин көргөзүүсү абзел.


Махмуд Ахмадинежад болсо Башкы ассамблеядагы сөзүндө анын өлкөсү “урматка жана адилеттүүлүккө” негизделген диалогго дайыма даяр экенин айтты. Бирок ирандык өкмөт мыйзамсыз деп эсептеген санкциялар жана кысым Тегеранды сүйлөшүүлөргө мажбурлай албасын кошумчалады. Махмуд Ахмадинежаддын жапониялык TBC телеканалына берген интервьюсунда айтканына караганда, Иран менен дүйнөлүк ири державалардын сүйлөшүүсү октябрда жанданып калуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG