Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары дагы 10,5 миллиард сомго көбөйдү


Эми ал сумма жалпысынан 76 миллиард сомдон ашууда. Чыгашанын мындай көбөйүшү апрель жана июнь окуяларына байланыштуу болууда. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Самат Кылжыев бүгүн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, каражаттар негизинен социалдык төлөмдөргө, апрелдеги окуяда жабыркагандарга, электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялар, өлкөнүн тоолуу аймактын тургундарына болгон жеңилдиктер, коомдук тартипти камсыз кылууга жана жаратылыш кырсыктарына кабылгандарга жардам берүүгө жумшалууда.

Каражаттын дагы бир бөлүгү референдум, шайлоо өткөрүүгө жана жабыркаган мамлекеттик мекемелерди Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө коротулууда. Маалыматка ылайык, быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашуун, кирешеси 55 миллиардга жакын сомду түзөт. С.Кылжыев бюджет тартыштыгынын 14 млрд. жакын сому тышкы, калган 8 пайызга чукулу ички булактардын эсебинен жабыларын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG