Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

2011-жылы өлкөнүн күч структурасына 9 млрд. сом бөлүнөт


Келерки жылы мамлекеттик аппаратты каржылоого 17 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүү каралган. Ал эми Социалдык жана өндүрүш тармагына 23 миллиард, күч структурага 9 миллиардга чукул сом бөлүнөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында каржы министринин орун басары Самат Кылжыев кабарлады. Аталган министрлик тараткан маалыматка ылайык, 2011-жылы өлкөнүн бюджетиндеги киреше 52 миллиард сомдон ашуун болуп, бюджеттин жетишсиздиги 20 миллиард сомдон ашуун болору белгиленүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG