Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Шайлоо алдында кооптонуу күчтүү


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын парламенттик шайлоо алдында коомдук-саясий кырдаалга жана шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктарга байкоо жүргүздү. Бүгүн анын алгачкы жыйынтыктары чыгарылып, сурамжылоого катышкандардын көбүн коопсуздук маселеси кооптондурары, ошол эле учурда алар шайлоо тынч өтөт деген үмүттө экени белгиленген. “Эл арасында өлкөнү туруксуздаштырган чагымчыл аракеттер болуп кетиши ыктымал деген кептер кеңири тараган. Алар массалык башаламандык, нааразылык акциялардан жана улут аралык жаңжалдын кайталанып кетишинен кооптонуп турушат”,-деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле аймактарда саясий партиялардын активдүүлүгү, алардын ишмердүүлүгүнө жаштардын тартылып жатканы белгиленген. “Анткен менен шайлоочулардын алдыдагы шайлоо тууралуу кабары аз”,-деп билдирет “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы. Иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “БЭК”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Айкөл Эл” СДПК, “Замандаш”, “Содружество” жана “Республика” партиялары алдыда келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG