Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

ГКПЧны уюштургандардын бири Янаев көз жумду


Орусиялык маалымат агенттиктери 1991-жылдагы бийлик төңкөрүшүн уюштурууга аракеттенип өзүн Советтер Союзунун президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялаган Геннадий Янаев 72 жашында Москвада көз жумганын маалымдады. 1991-жылы августта Янаев Советтер Союзунда чукул кырдаал жарыялап, сыналгы аркылуу өлкө жетекчиси М.Горбачев ден соолугуна байланыштуу эс алууда экенин жана өз милдетин аткара албастыгын айткан. 1990-91-жылдары Янаев Советтер Союузунун вице президенти катары кызмат өтөгөн. Төңкөрүш аракети оңунан чыкпай калгандан кийин эки жылга түрмөгө кесилип, 1994-жылы мунапыс берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG