Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы боюнча соттун чечими жокко чыгарылды


23-сентябрь күнү Жогорку Сот “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын мурдагы акционерлеринин акцияларды алып-сатуу келишимдерин жараксыз деп табуу боюнча арызын карады. Соттук отурумда Бишкек райондор аралык соттунун жана Шаардык соттун ушуга байланыштуу чечимдери жокко чыгарылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев тастыктады. Соттун чечими жарыяланган убакыттан тарта күчүнө кирет жана кайра арызданууга жарабайт.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев учурунда “Кыргызөнөржайкурулуш” банк жоюлуп, “Азия Универсал банкынын” курамына кирген. Бул банк учурунда К.Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешеси бар экени айтылып, апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт аны улутташтыруу чечимин кабыл алган.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын кантип жана кандайча “Азия Универсал банкына” өтүп калышы Бишкектин райондор ортолук, андан соң шаардык сотунда тергелип, бирөөнүн мүлкүн ээсине кайтаруу зарылдыгы ырасталган. Бирок “Кыргызөнөржайкурулуш” “АУБдун” курамында калып, калбаганы айтылган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG