Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

ЕККУ камактагы өзбек журналисттер үчүн тынчсыздануу билдирди


ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович «Өзбекстандагы көз карандысыз журналисттерге болгон басым» тууралуу билдирүүсүндө коңгуроо какты. Миятович өзбек тышкы иштер министри Владимир Норовго жиберген билдирүүдө жалган маалымат таратты деген кине менен камалган журналисттер Абдималик Бобоев менен Владимир Березовский боюнча тынчсыздануу билдирет. Ошондой эле Миятович учурда абакта 6 жылдан 12 жылга чейин жаза өтөп жаткан журналисттер Дилмурод Саид, Солижон Абдурахманов жана Найрулло Хамидов боюнча дагы камтамасын билдирип «Өзбекстанда мамлекеттик маалымат каражаттары бийликтин ашыкча чабуулуна кабылып жатканы» айтылат.

XS
SM
MD
LG