Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Ош: үйсүз калгандардын үмүтү эл аралык уюмдарда


Түштүктөгү коогалаңда жалпысынан эки миңге жакын үй талкаланган.
Түштүктөгү коогалаңда жалпысынан эки миңге жакын үй талкаланган.

Түштүктөгү коогалаңда үйү таптакыр талкалангандарды кышка чейин турак-жай менен камсыз кылуу маселеси жалпы коомчулукту ойлондурууда. Калабада Ош жана Жалал-Абад облустарында 1861 жеке турак-жай ар кандай деңгээлде талкаланган.

Учурда алардын ээлерине мамлекеттик комиссия 200 миң сомдук пайызсыз насыя жана 50 миң сомдук кайтарымсыз акча таратып жаткан учуру. Бул багытта жабырлануучулар да, мамлекет да жардамды бир гана эл аралык уюмдардан алып жатат.

"Тону жокко салам айткан кыш үйү жокко өзү келет"

Учурда Ош шаарында үй-жайы талкалангандар жапа тырмак жаңы там салуу аракетин көрүп жаткан кези. Алардын алды дубалын тургузуп, чатыр иштерине өтсө, арты пайтүбүн түптөп жатат. Бирок арасында эч кандай курулуш баштай электери да бар.
Талкаланган үйлөрдүн урандыларын тазалоо, Ош, 9-сентябрь

Мисалы шаардын Ош районунун тургуну Малика эже али мамлекеттик жардам акчага документ арыздарын да тапшыра элек. Себеби ал мамлекетке ишенбей, эл аралык уюмдардан дагы да болсо жардамдар келип калат деген үмүттө:

- Мен мамлекет берип жаткан жардам акча алуу үчүн эми документ тапшырсамбы деп жатам. Бирок жергиликтүү бйиликке дагы эле ишенбей турам. Эл аралык уюмдар азыр бизге үй куруп беребиз деп жатат. Ошолордон гана үмүттөнөм.

Ошол эле учурда дал ушул үйү таптакыр талкалангандар менен сүйлөшүү кыйын болгондуктан курулуш иштери кечеңдеп жатат дейт июнь окуяларынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын орун басары Каданбай Бактыгулов:

- Жакынкы күндөргө чейин эле жабыркагандар менен сүйлөшүүлөрдү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүп жүрдүк. Айрыкча Ош шаары боюнча татаал сүйлөшүүлөр жүрдү. Алардын шартын угабыз. Бир күнү макул болсо, эртеси кайра айтканынан айнып калышат. Кээде курулуш материалдарын жеткирип барсак, кайра албайбыз деп убарагерчиликти тартып жатабыз. Иши кылса көп убакытты текке кетирген учурлар болуп жатат.

Үйү жашоого жараксыз болуп калган Ош шаарынын дагы бир тургуну Мамадали Сатаркулов эгер кышка чейин курулуш бүтпөй калса туугандарыныкына барууну болжоп койгон:

- Элүү миң сомдон акча, цемент, кыш беришти. Калган кемчликтерди тууган-туушкандар аркылуу топтоп жатабыз. Эми кышка чейин эки бөлмөлүү там курууга үлгүрөбүз деген ойдобуз. Эгер үлгүрбөй калсак туугандардыкында кыштайбыз го. Бийликтегилер көмүр да алып беребиз деп жатат.

Убада аткарылабы?

Отун маселеси демекчи, жабырлануучуларды көмүр менен камсыз кылуу да эл аралык уюмдардын мойнунда. Облус бийлиги болгону жергиликтүү көмүр казып чыгаруучу ишканалар тарабынан сапаттуу көмүр таап берүү иштери менен гана чектелүүдө.
Ош июнь калабасынын калдыктарынан тазаланууда.

- Мына жакында эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар көмүр менен камсыз кылабыз деп жатышат. Биз албетте азыр аларга жергиликтүү сапаттуу көмүр казып чыгаруучу ишканаларды караштырып жатабыз, - дейт Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалайбек Зикиров.

Ошентип Оштогу турак-жайы талкалангандардын кышкы тагдыры эл аралык уюмдардын акчасына, жабырлануучулардын жана мамлекеттик курулуш ишканаларынын аракетине көз каранды.

23-сентябрга карата пайызсыз насыя акча алгандардын саны Ош облусу боюнча 17 үй-бүлө, Ош шаары боюнча жети, ал эми 50 миң сом кайтарымсыз жардам акчаны Ош облусу боюнча 105, шаар боюнча 87 үй-бүлө алышты.

XS
SM
MD
LG