Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Нарындыктарга жардам берүү чаралары каралат


Буга чейин капыстан жааган кардын алдында төрт миң гектарга жакын аянттагы эгин калып калган. Айыл чарба министри Маматшарип Турдукуловдун билдиришинче, ушул тапта келтирилген зыяндын кесепеттери иликтенип жатат. Мал жоготуулары да такталып жатат. Бул иштердин жыйынтыгы менен аларга карата кандай жардам көрсөтүлөрү аныкталат.

Быйыл өлкөдө жалпы 1 миллион тоннадан ашуун дан эгиндери жыйналды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 135 миң тоннага аз болуп эсептелет. Өлкөгө сырткы өлкөлөрдөн 350 миң тоннадай буудай, ун алынып келинет. Министр өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбой тургандыгын, бул үчүн чаралар көрүлүп жаткандыгын да белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG