Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Президент Обама Кыргыз лидерин жаңы коогалаңды болтурбоого үндөдү


Кыргыз президенти Роза Отунбаева жума күнү Нью-Йоркто АКШ президенти Барак Обама менен кездешти. Ак Үйдүн билдиришинче, Барак Обама Кыргызстандагы кээ бир оң жылыштарды, анын ичинде көзкарандысыз маалымат каражаттарын чектөөнүн токтотулушун, жаңы Конституциянынын кабыл алынышын, келерки айда парламенттик шайлоо өткөрүүнү колдоду. Кездешүү Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынан тыш мезгилде өттү. Обама ошондой эле, жаңы кооганы болтурбоого, июнь окуясын иликтөө үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун кеңешчи полиция тобун өлкөгө киргизүүгө чакырды.

Кыргызстандын түштүгүндө июндагы этникалык чатакта жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар там-жайсыз калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG