Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

“Бир дүйнө” фестивалынын сайты иштей баштады


Фестивалды уюштуруучулардын бири Диана Макенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ кечинде белгисиз бирөөлөр тарабынан сайтты бузуу аракети болгон, бирок сайттын коргонуусу күчтүү болгондуктан ал блокко түшүп, ачылбай калган. Сайт 6-7-сааттан кийин өзү кайра калыбына келип, иштей баштаган.

Бишкекте өтүп жаткан бул фестивалда кечээ Кытайлык уйгур тектүү укук коргоочу Рабия Кадырдын өмүр баяны, жашоо-турмушун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү. Бирок тасма көрсөтүлөр алдында Улуттук коопсуздук кызматынын эки өкүлү келип, тасманы токтотушкан. Диана Макенбаеванын билдиришинче, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жана фестивалдын уюштуруучулары сүйлөшүп, фильмдин калган 20 мүнөтү кайра кечке маал көрсөтүлгөн. УКМКнын кызматкерлери өздөрү убада кылган фильмди көрсөтүүгө тыйуу салган кагазын алып келишкен эмес. Уйгурлардын “Иттипак” уюму “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборуна буга чейин ал фильмди шайлоо өткөнгө чейин көрсөтпөөнү суранган кат жолдошкон. Бирок алар фильмдин шайлоо менен байланышы болбогондуктан көрсөтүшкөн. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалыматты тактап бере тургандыгын "Азаттыкка" билдирди.

Рабия Кадыр уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти, укук коргоочу. Ал 1990-жылдары Кытайдагы эң бай жети адамдын катарына кирген. Учурунда ал Кытай өкмөтүнүн кеңешчиси болуп турган жана кийин уйгурларга жасаган аракеттерди ачык сындап келген. Укук коргоочу тууралуу бул даректүү тасманы австралиялык режиссер Жефф Дениэлс тарткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG