Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Темир Сариев интернет колдонуучулар менен баарлашты


Фейсбук, Твиттер интернеттик социалдык тармактын катышуучулары менен болгон жолугушууда "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев интернет мүмкүнчүлүктөрү туурасында жаштар менен баарлашуу, ушул жаатта алар менен байланышта болуу максатын көздөй тургандыгын билдирген. Жолугушууда болгон жаш активист Адельфия Аманованын пикиринде, жаштарды жолугушууда сөз эркиндиги, интернеттин көзөмөлдөнүшү, андагы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы суроолор кызыктырды. “Мисалы интернет дегенде эле электрондук өкмөт болот деген өңдүү нерселерди айтып калышат. Азыр 30 пайыз компьютерлик жабдуу менен камсыздалган өкмөт кантип ал деңгээлге чыга алаары мага түшүнүксүз. Конкреттүү эч нерсе уга алган жокмун. Саясий багытта, мисалы партиянын платформасы туурасында бүгүн эч сөз болгон жок. ” деди Аделфия.

Шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен интернеттин басымдуу жаштар пайдаланган социалдык тармактарында Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев өңдүү саясатчылар да баш багып, интернет колдонуучулар менен активдүү баарлашып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG