Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Барак Обама Роза Отунбаевага тан берди


Барак Обама Роза Отунбаева менен жолугушууда, Нью-Йорк, 24-сентябрь
Барак Обама Роза Отунбаева менен жолугушууда, Нью-Йорк, 24-сентябрь

Кыргыз мамлекетинин башчысы Роза Отунбаева БУУнун жыйналышынын алкагында АКШ президенти Барак Обама менен жолугушту. Анда эки тараптуу алакаларды бекемдөө маселеси көтөрүлүп, Обама кыргыз президентинин өлкөнү демократиялыштыруудагы жана июнь айындагы этникалык кагылышууну токтотуудагы аракеттерин жогору баалады.

АКШ президенти Барак Обаманын Кыргыз мамлекет башчысы Роза Отунбаева менен жолугушуусун көпчүлүк эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жолугушууда Барак Обама кыргыз президентинин демократияга карай жасап жаткан тайманбас аракеттерин өзгөчө эрктүүлүк катары мүнөздөгөнү, анын ишине суктануу менен баа бергени айтылууда.

Жолугушуу эмнеден кабар берет?
Бул жолугушуунун эң чоң саясий мааниси бар, аны Кыргызстанга карата ачык колдоо катары түшүнсө болот.
О. Молдалиев

Буга Роза Отунбаеванын жетекчилиги астында 7-апрелден кийин өлкөдө сөз эркиндигине болгон чектөөлөрдү алып салуу, жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу, жарандык коомдун талаптары менен эсептешүү жана демократиялык баалуулуктарды колдоо аракеттери кирет. Дипломатиялык тилде бул жолугушуу Кыргызстандагы болуп жаткан өзгөрүштөрдү ачык колдоого алуу катары каралууда.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков Кыргызстандын мамлекет башчысы Роза Отунбаеваны АКШ президентинин кабыл алышы өлкөнүн бара жаткан саясий багытына байланыштуу деп эсептейт:

Ишенбай Абдыразаков
- Кыргызстанда аялзатынын мамлекет башчысы болгондугу да алар үчүн кызык болуп жатат. Ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн өзгөртүлүп, Борбор Азияда биринчилерден болуп демократияга карай багыт алуу болуп жаткандыгы да таң калтырып жатат окшойт. Мына ошондуктан бардыгын Роза Отунбаеванын өзүнүн оозунан угуп, көрөйүн деген ниети болгон болуш керек.

АКШ президенти беделине көлөкө түшүп калган, иш-аракеттери күмөндүү мамлекет башчылары менен жолугушкусу келбеген учурлар көп кездешет. Мындай учурларда дипломатиялык атайын эрежелерге ылайык жолугушуу болбой тургандыгы кайсы бир жагдайларга шылтоо кылынат. Көпчүлүк учурда мамлекеттердин кайсы бир маселелери боюнча тиешелүү тармактын жетекчилери гана жолугушат.

Талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, АКШ президентинин өзүнүн жекече кабыл алуусу ал мамлекетке карата алардын олуттуу мамиледе экендигинин белгиси:
Орозбек Молдалиев

- Биздин азыркы абалыбызга, 7-апрелден кийинки өзгөрүүлөргө АКШнын саясий жетекчилигинин көңүл буруп жаткандыгынын белгиси. Бул жолугушуунун эң чоң саясий мааниси бар. Анткени муну Кыргызстанга карата ачык колдоо катары түшүнсө болот. Биздин саясий туура багыт алгандыгыбыздын белгиси катары бааласа болот. Эми кандай макулдашууларга жетишилет, аны азырынча айтуу кыйын. Бирок "жолугушалы, ушул маселелерди чогуу талкуулайлы" деп Барак Обаманын ниеттенип жаткандыгынын өзү көп нерседен кабар берет.

Коопсуздук, Ош коогалаңы жана ЕККУ полициясы

Жолугушуунун жүрүшүндө июнь айындагы кандуу окуялардын чыныгы себептери да талкууга алынды. Барак Обама президент Роза Отунбаеванын ошол учурда кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай кармап калгандыгына басым жасады. Ошондой эле ал калабанын чыгышын жана кесепеттерин эл аралык иликтөөгө алуунун зарылдыгына токтолду. Мында айрыкча ЕККУнун полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү маселеси талкуланды.

Динара Ошурахунова
Укук коргоочу Динара Ошурахунова АКШ президенти маани берген бул маселе адамдардын ишенимин жана акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт:

- Биз июнь окуялары боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзө албайбыз. Ошондуктан ЕККУнун полиция кеңшчилеринин тобунун киргизилиши зарыл. Буга туура эмес маалыматтын негизинде бир катар адамдар каршы чыгышты. Президент Обама да мына ошол полиция кеңешчилеринин киргизилиши Кыргызстандын укук коргоо органдарына болгон ишенимди калыптандырат деп бекеринен айткан жок. Ошондуктан алардын келиши туруктуулуктун калыптанышына шарт түзмөк. Курулай патриоттор жардам бергени полиция кеңешчилери келет десе Косово болуп калабыз деп каршы чыгышат да, Ошто орустар аскер базасын ачат экен десе унчугушпаганы мени таң калтырат.

Мындан сырткары Роза Отунбаева менен Барак Обама аймактагы коопсуздук жагдайын талкуулашып, өз ара алакаларды чыңдоого басым жасашты.

Бул Кыргызстан менен АКШнын мамлекет башчыларынын акыркы сегиз жылдагы жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий жолугушуусу. Мындан сегиз жыл мурда, 2002-жылы ошол учурдагы президент Аскар Акаевди АКШнын ал кездеги мамлекет башчысы Жорж Буш кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG