Польшанын президенти жана Украинанын премьер-министри 70 жыл мурда Россиянын Катын токоюнда өлтүрүлгөн польшалык офицерлерди эскерүү зыяпатына катышты. Президент Бронислав Комаровски жана премьер-министр Николай Азаров Украинанын Харьков шаарына жакын жерде көпчүлүк офицерлер өлтүрүлгөн жайга гүл чамбар коюшту. Катында 22 миң польшалык офицер өлтүрүлгөн деп саналат. Алар 1939-жылы советтик аскерлер Польшага басып киргенде туткунга алынган.