Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Шурд айым Ирак президентине ыраазылык билдирди


Жакында Иран бийликтери абактан бошоткон АКШ жараны Сара Шурд айым жума күнү Нью-Йоркто Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен жолукту. Сара айым Американын АВС телеканалына берген интервьюда, Ахмединежаддан өткөн жылдан бери Иранда абакта отурган Шейн Бауэр жана Жош Фэттелге эркиндик берүүнү сураганын айтты:

-Мен президент Ахмадинежаддын мен жана апам менен кездешүүгө, ошондой эле Шейн жана Жоштун апалары анын өкүлдөрү менен кездешкенге ынаганына ырахмат айткым келет. Бул анын асылзаадалыгы болду. Кездешүүү жакшы болду. Мен түрмөдө отурганда президент менен кездешейин деп тилеп жаттым. Эми өз таржымалымды айтып бергениме кубанычтамын. Буга ыраазымын жана бул кездешүү Шейн менен Жошко жардамдашат деп үмүт кылам.

АКШлык үч жаран былтыр Иран-Ирак чек арасында кармалган. Алардын айтымында, Ирактын тоолорун кыдырып жүрүп, адашып кетишкен. Ал эми Иран өкмөтү америкалыктарды шпиондук кылып жүргөн деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG