Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Президент Роза Отунбаева АКШдан кайтып келди


Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, БУУнун Башкы ассамблеясынын 65-сессиясына катышуу үчүн АКШга барган президент Роза Отунбаева ишемби күнү кеч менен Кыргызстанга келди. Президенттин бул иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу бүгүн президенттик администрация жетекчисинин орун басары Мухтар Жумалиев, вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаева жана вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Президент Роза Отунбаева өткөн аптада АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун « Миң жылдыктын өнүгүү максаттары» аттуу саммитинде сөз сүйлөп, бир катар мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. 24-сентябрда АКШнын президентти Барак Обама менен жолугушуп, анда аймактагы коопсуздук жагдай талкууланып, өз ара алакаларды чыңдоого басым жасалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG