Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жыл башынан бери 97,7 млн. доллардык айыл-чарба продуктулары экспорттолду


Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы жети ай ичинде коңшу өлкөлөргө экспорттолгон мал чарба продукцияларынын көлөмү жети пайызга, өсүмдүк продукциялары он жети пайызга өскөн. Өлкө аймагында өндүрүлгөн картөшкө жана төө буурчактын экспорту көбөйүп, сыртка чыккан эт продукцияларынын көлөмү кыскарды. Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн алынып келине турган ундун, канаттуулар продукцияларынын жана канттын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу аздык кылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG