Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Интернетте кыргыз тилинин жумалыгы аяктады


Кыргыз тил жумалыгынын демилгечиси Түркияда окуп жаткан студент Муратбек Тажибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тил жумалыгы жарыялангандан баштап интернеттеги ар кыл социалдык тармактарда кыргызча баарлашкандардын саны кыйла өскөн. Маалымат желесиндеги бул демилгени кыргыз тилин билген башка улуттардын өкүлдөрү да колдошуп, кыргызча алакалашууда активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Интернет дүйнөсүндө кыргыз тилинин деңгээлин көтөрүүгө багытталган бул жумалык 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин созулуп, бир жума ичинде интернеттеги бардык социалдык сайттардагы маалымат алмашууну кыргыз тилинде жүргүзүү сунуш кылынган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG