Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Шайлоо өнөктүгүнө мыйзамсыз кийлигишкен атка минерлер жоопко тартылат


Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалымат боюнча 24-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан шайлоо учурунда административдик ресурстарды колдонууга аракет кылган жана үгүт иштерине мыйзамсыз кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлерди дароо жоопко тартуу боюнча Кыргызстандын аймагындагы прокуратураларга буйрук берилген. Ага ылайык шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынат. Бул чаралар шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамдуулукту жана өлкөдөгү коомдук-саясий абалды сактоого багытталган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG